Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилеринин АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын м.а. Э.Уэллс менен жолугушуусу тууралуу

7184

2019-жылдын 6-сентябрында "Борбор Азия+АКШ" кызматташтык форматынын алкагында АКШнын Мамлекеттик департаментинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилеринин АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын м.а. Э.Уэллс менен жолугушуу өткөрдүлдү. Кыргыз тарабынан жолугушууга АКШдагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.И.Отунбаев катышты. Тараптар БУУнун кезектеги Генералдык Ассаблеясынын алкагында пландаштырылган Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин жана АКШ мамлекеттик катчысынын жолугушуусуна даярдык процессин талкуулады. С5+1 форматынын жолугуушунун алдын ала күн тартибине төмөнкү үч негизги маселелерди киргизилди: эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, чек ара жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө. Катышуучулар ошондой эле бул багыттар боюнча өз артыкчылыктарын билдирип, өз ара пайда жана улуттук кызыкчылыктардын негизинде кызматташтыкты улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK