Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында Кыргызстандын жарандарына консулдук тейлөө иштерин жүргүзүү тууралуу маалымат

3855

 

Үстүбүздөгү жылдын 17-18- июлунда Американын Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн АКШдагы Кыргыз Элчилигинин консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт. Жолугушуунун жүрүшүндө консулдук кызматтардын бардык түрлөрүн алуу мүмкүнчүлүгү берилет (паспортту жаңыртуу, нотариалдык иш-аракеттер, Мекенине кайтуу күбөлүгүн (СВР) , туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөр ж.б.). Ушуга байланыштуу, Элчиликтин веб-сайтынан (https://mfa.gov.kg/en/embassies/embassy?id=63) кызыкдар маселе боюнча маалымат менен алдын-ала таанышып, толук даярдалган документтер менен келүү керек.

Мындан тышкары, алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана ага катышуу тартиби жөнүндө толук маалымат берилет, биометрикалык маалыматтар чогултулат, ошондой эле шайлоочуларынын тизмесине киргизилип жана Элчиликтин консулдук каттоосуна тургузулат.

Иш-чаранын дареги: 1114 N Arlington Heights Rd Arlington Heights, IL 60004 USA (Kyrgyz Community Center)

Убактысы: 17-июлда саат 10-00дөн 19-00гө чейин жана 18-июлда – саат 10-00дөн 19-00гө чейин.

Алдыда боло турган консулдук кабыл алууга алдын-ала даярдануу үчүн, Кыргыз Республикасынын жарандарынан консулдук кабыл алууга катышуусу жөнүндө тел. +1 (202) 449-9823 же электрондук kgconsulate.washington@mfa.gov.kg.почта аркылуу билдирип коюнуздарды өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK