Курман айт майрамына байланыштуу Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин иштөө убактысы

3505

Урматтуу АКШ жана Канада аймагында жашап жаткан кыргызстандыктар,

Кыргызстандын Дин башкармалыгынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылы Курман айтты белгилөө 20 - июлга туш келүүдө.

КРнын Эмгек кодексине ылайык Курман айт майрамы эс алуу күнү болуп саналат.

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 19-июлдагы жумушчу күнүн 24-июлга которуу тууралуу чечимге кол койду.

Ушуга байланыштуу, 2021-жылдын 19-20- июлунда Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги иштебей тургандыгын маалымдайбыз.

Урматтуу мекендештер, учурдан пайдаланып Ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз.

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ырыскы-ынтымак каалайбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK