Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги Канадада жашаган кыргызстандык атуулдарга  консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт

1198

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги 2022-жылдын 17–18-декабрында Канаданын Эдмонтон шаарына барып, ал жерде  жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт.

Иш-чаранын дареги: 10052 117 St. NW, Edmonton

Убактысы: 17-декабрь – саат 09:00дөн 19:00гө чейин;

                   18-декабрь – саат 09:00дөн 11:00гө чейин.

Ушул күндөрү аталган дарекке келишкен атуулдардын баары тең өздөрүнө зарыл болгон төмөндөгүдөй  консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк алышат: чет өлкөгө чыгуу жана ички паспортторун жаңылоо, зарыл болгон нотариалдык кызматтар, мекенине кайтуу күбөлүгүн ж.б.с. кызматтардарды ала алышат. Документин алмаштырууга муктаж атуулдар элчиликтин төмөндөгүдөй даректеги веб-сайтына алдын ала баш багып (https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-ssha-i-kanade/menyu---inostrannoe/konsulskie-voprosy/uslugi/slugi-5c3dfe6fe93cb) өзүңүздөргө тиешелүү маселелер боюнча толук маалымат алып, ал жерде жазылган зарыл болгон документтерди толук даярдап жолугушууга келүүсү зарыл экендигин эскертебиз. 

Консулдук кабыл алуу алдын ала  жазылган кезек менен жүргүзүлөт. Кезекке  +1 (780) 710-2204 телефонуна чалып жазылсаңыздар болот. 

Консулдук тейлөө иштери жүргүзүлө турган дареги өзгөрүлүшү мүмкүн, ошондуктан консулдук тейлөө жана жолугушууга катышууңуз тууралуу +1 (202) 449-9823 жана +1 (202) 256-2924 телефондору, же kgconsulate.washington@mfa.gov.kg электрондук почта аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK