Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаевдин Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу!

3132

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы  менен Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин жамаатынын атынан жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! 
Эгемендүүлүк - айтууга оңой бирок мааниси өтө терең, теңдешсиз улуу сөз. Дүйнөдө калкынын саны боюнча кыргыздан алда канча көп, бирок мамлекет катары эгемендүүлүгү жок нечендеген улуттар өз алдынча мамлекеттүүлүккө, эркиндикке жете албай зар какшап жүрүшкөндүгүн билебиз. Ал эми кылымды карыткан, терең тарыхы бар кыргыз элинин эгемендүүлүгү ата-бабаларыбыздын каны, жаны жана кайраттуулугу жана кеменгер эл башчыларынын жеке кызыкчылыктан улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койгон талыкпас аракетинин натыйжасында  келгенин эч убакта унутпашыбыз керек. 
«Ырыс алды ынтыкмак,» дейт кыргыз эли. Ынтымак  бар жерде ырыс, береке, бакыт баары болот. Андыктан, ар бир кыргыз атуулу, баарыбыз тең эгемендүүлүгүбүздүн баасын, баркын терең түшүнүп, ынтымакка биригип, жасаган ишибиз менен ата-бабалардан мурас катары калган эгемендүүлүгүбүздү чыңдап, өлкөбүздүн көз-карандысыздыгын көздүн карегиндей сактап кийинки муунга жогорку деңгээлде өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.   
 
Урматтуу мекендештер!
 
Баарыныздарды, дагы бир жолу эгемендүүлүк майрам менен куттуктап, эркиндиктин желеги бийик желбиреп, экономикабыз өнүгүп, элдин жашоосу жакшырып, Кыргыз Республикасы  келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуусуна тилектешмин. 
Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын жүрөгүндөгү ата-бабалардан бери  келе жаткан эркиндиктин деми, күчү эч убакта  өчпөсүн! Эгемендик майрамыбыз кут болсун!

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK