Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги Арлингтон Улуттук көрүстөнүндө «Эльбанын руху» эстелик белгисине гүл коюу аземине катышты.

8380

2019-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаевдин жетекчилигинин астында Элчилик Арлингтон Улуттук көрүстөнүндө «Эльбанын руху» эстелик белгисине гүл коюу аземине катышты.

Аталган азем советтик жана америкалык аскерлердин жолугушуусунун 74-жылдыгынын алкагында болуп өттү.

Аземге Экинчи дүйнөлүк согуштун америкалык катышуучулары, мурдагы СССР республикаларынын ардагерлери, АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтери катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK