Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Билим берүү жана маданият иштери боюнча орун басары менен жолугушту

2374

2022-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары, Мамлекеттик департаменттин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросунун башчысы Л.Саттерфилд айым баштаган өкүлдөр менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушуу учурунда АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээли  тууралуу кеңири пикир алмашуу болуп, келечекте кызматташуунун багыттары талкууланды. Жолугушууда америка тарап эки өлкөнүн ортосундагы соңку жылдары аткарылган ар түрдүү программалар тууралуу кыскача маалымат беришти. 

Ал эми элчи мырза Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалар жана Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы артыкчылыктуу багыттарга  жана муктаждыктарга кеңири токтолду. Андан  аркы сөзүндө кыргыз элчиси Билим берүү тармагын жакшыртуу ар бир өлкөнүн эң артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгилеп, АКШнын Мамлекеттик департаментинин  билим берүү жаатындагы  Fulbright, FLEX сыяктуу  ар кандай программалары боюнча Кыргыз Республикасына бөлүнгөн оорундардын санын көбөйтүү жагын караштырып берүүнү өтүнүп,  мындан сырткары кошумча программаларды киргизүү боюнча өз сунуштарын ортого салды. 

Америкалык тарап билим берүү жаатында сунуштаган келечектүү долбоорду колдоорун билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү кызматташтыгын күчөтүү боюнча келечекте биргелешип иш алып барууну макулдашты.

 Маалымат үчүн: АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу АКШнын тышкы саясий максаттарын алдыга жылдыруу үчүн зарыл болгон билим берүү тармагындагы кесиптик жана маданий алмашуу жана башка программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK