Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Канаданын парламентинин эл өкүлдөр палатасынын спикери А.Рота менен жолугушуусу тууралуу

6520

2020-жылынын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Канаданын парламентинин эл өкүлдөр палатасынын спикери А.Рота менен жолугушуу өткөрүп эки тараптуу маселелерден тышкары, Канада менен Кыргызстандын ортосундагы парлементтик кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууду.

Канаданын парламентинин эл өкүлдөр палатасынын спикери А.Рота Кыргыз Республикасынын парламентаризмди бекемдөө жетишкендиктерди өзгөчө белгилеп, мындан ары эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагындагы парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Отунбаев канадалык тарап өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигине жана Канаданын шайлоо байкоочулары ЕККУ/ДИАУБдун эл аралык байкоочулардын группасынын курамында Кыргыз Республикасынын шайлоолоруна жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, БУУӨПнын «Кыргыз Республикасынын шайлоо процессин колдоо программасы» долбоорду (KESP III) каржылоо менен камсыз кылуу өтүнүч менен кайрылды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK