Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын көзөмөлдүк тизмеси

5277

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 19-сентябрга чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин шайлоочулар тизмесинде болушуңуз керек (УШК 9034).

Тизмеге кирүү талаптары:

1. Эгерде жаран биометрикалык маалыматын (манжа изин), Кыргызстанда же Элчиликте мурда тапшырган болсо, консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы (https://mfa.gov.kg/uploads/content/813/624c5a10-c3ab-3d1c-9b13-17b0f573e650.pdf) жана жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз паспортунун көчүрмөсү kgconsulate.washington@mfa.gov.kg дарегине жөнөтүү жетиштүү.

2. Эгерде жаран мурда биометрикалык маалыматын тапшырбаса, анда консул менен сүйлөшүп, белгиленген убакытта Элчиликке келип, биометрикалык маалыматын (манжа издери), консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы (https://mfa.gov.kg/uploads/content/813/624c5a10-c3ab-3d1c-9b13-17b0f573e650.pdf) жана Кыргыз Республикасынын жарактуу паспортунун көчүрмөсү тапшырыңыз.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбастан, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт!

Толук аты-жөнүңүздү tizme.gov.kg сайтынан текшерип алсаңыз болот. Эгерде сиз өзүңүздү tizme.gov.kg веб-сайтындагы тизмеден таба албасаңыз, анда жарандын биометрикалык маалыматы тапшырылган эмес. Бул учурда жогоруда көрсөтүлгөн №2 иш-чараны жүргүзүү керек.

Шайлоонун акыркы тизмеси 2020-жылдын 27-сентябрында жарыяланат.

Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында, АКШнын Вашингтон шаарында, 2360 Массачусетс проспети дареги боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде өтөт.

Добуш берүү үчүн сиз Элчиликке келишиңиз керек, алыстан добуш берүү мүмкүн эмес.

Кошумча суроолоруңуз болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө 202 449 9823 номерине же kgconsulate.washington@mfa.gov.kg электрондук дарегине кайрылсаңыз болот.

№ 9034 шайлоо участогундагы (Вашингтон шаары, АКШ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын контролдук тизмеси.

ТИЗМЕ!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK