Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев америкалык CNN телеканалынын Борбордук Азия аймактык коммерциялык өкүлү Имран Ахмед менен жолугушуусу тууралуу

3435

2021 -жылдын 30-июнунда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев америкалык CNN телеканалынын Борбордук Азия аймактык коммерциялык өкүлү Имран Ахмед менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда элчи Бакыт Аманбаев Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүгүн CNN теле каналы аркылуу дүйнө коомчулугуна көрсөтүү зарылчылыгын белгилеп, бул багыттагы кызматташуу боюнча өз сунуш пикирин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте өз ара кызматтаашууну арттыруу боюнча пландуу иш аалып барууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK