Огайо штатында жашаган кыргызстандык атуулдарга кулактандыруу!!!

3247

Кулактандыруу – Жарыя!!!

 

Урматтуу АКШнында жашаган

Кыргыз Республикасынын жарандары!

 

Кыргыз Республикасынын АКШ дагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын 
9-10 – октябрь күндөрү Американын Цинциннати шаарында  Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт. Иш чаранын жүрүшүндө атуулдарга консулдук кызматтардын төмөндөгүдөй түрлөрү берилет: Жарандык паспортту жаңыртуу, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү, мекенине кайтуу күбөлүгүн (СВР)  жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдү алуу ж.б.

Ушуга байланыштуу, урматтуу мекендештер сиздерден өтүнөбүз, кайсыл бир документти алууга келээрден мурда элчиликтин төмөндөгүдөй даректеги веб-сайтына: (https://mfa.gov.kg/ru/embassies/embassy?id=63) баш багып, өзүңүздөрдү кызыктырган  маселе боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып,  колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып  келишиңерди эскертебиз.

Мындан тышкары, ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Аманбаев жарандар менен жолугушуу  өткөрөт,  алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана ага катышуу тартиби жөнүндө толук маалыматтар берилет жана  биометрикалык маалыматтар чогултулат.

Иш-чаранын дареги: Embassy Suites by Hilton Cincinnati Blue Ash, 4554 Lake Forest Drive, Cincinnati, OH 45242 US

Убактысы: 9-10 - октябрында саат 10-00дөн 18-00гө чейин.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK