Сүрөтчү Алмасбек Самидиновдун виртуалдык сүрөт көргөзмөсү

5515

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги СССР жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, АКШда жашаган Алмасбек Самидиновдун виртуалдык сүрөт көргөзмөсүн тартуулайт.

Самидинов Алмасбек - Кыргыз Республикасынын маданияттына эмгеги сиңген мыкты ишмери, Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

Алмасабек Самидиновдун чыгармаларынын айырмалоочу өзгөчөлүктөрү - күн нуруна боёлгон палитра жана түштүк аймакты чагылдырган темпераменти болуп саналат. Сүрөтчүнүн максаты - туулуп өскөн жеринин рухун чагылдыруу жана элдик уламыштардын заманбап вариантын берүү.

Алмасбек Самидинов Көптөгөн улуттук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышкан:

1989 – «Ош сүрөтчүлөрү Вьетнамда» көргөзмөсү, Хо Ши Мин (Сайгон) Вьетнам;

2006 – «Түштүк палитрасы» көргөзмөсү, Москва, Санкт-Петербург, Россия;

2010 – «Дистанция 4635 - башкалардын жашоосу», B'ART, Розенхайм, Германия;

2010 – «Кыргызстан 2010» эл аралык долбоору, Гёте институту, Бишкек, Кыргызстан;

2010 – «Кашгардагы бермет» эл аралык фестивалы, Кашгар, Кытай;

2011-2014 – «Nomad Art Camp» эл аралык долбоору, B'ART, Бишкек, Кыргызстан;

2012 – «Реформат» эл аралык «Art of People» видео-сүрөт фестивалы, Ташкент, Өзбекстан;

2012 - Эл аралык видео искусство фестивалы REFORMAT12, Төлөн музейи, Бишкек, Кыргызстан;

2015 – «ПОСТТОТАЛ: Кыргызстандын искусствосу» көргөзмөсү, Төлөн музейи, Астана, Казакстан;

2017 - «Посттотал» көргөзмөсү, Төлөн музейи, Бишкек, Кыргызстан;

2017- «ЭКСПО 2017» көргөзмөсү, Сиань, Кытай.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK