«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда добуш берүү үчүн шайлоочулардын контролдук тизмеси (2021-жылдын 11-апрели)

4066

Урматтуу мекендештер!

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга катышуу үчүн 2021-жылдын 27-мартына чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигинин шайлоочулар тизмесинде болушуңуз керек (УШК 9034).

Тизмеге кирүү талаптары:

1. Эгерде жаран биометрикалык маалыматын (манжа изин), Кыргызстанда же Элчиликте мурда тапшырган болсо, консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы (https://mfa.gov.kg/uploads/content/813/624c5a10-c3ab-3d1c-9b13-17b0f573e650.pdf) жана жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз паспортунун көчүрмөсү kgconsulate.washington@mfa.gov.kg дарегине жөнөтүү жетиштүү.

2. Эгерде жаран мурда биометрикалык маалыматын тапшырбаса, анда консул менен сүйлөшүп, белгиленген убакытта Элчиликке келип, биометрикалык маалыматын (манжа издери), консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы (https://mдfa.gov.kg/uploads/content/813/624c5a10-c3ab-3d1c-9b13-17b0f573e650.pdf) жана Кыргыз Республикасынын жарактуу паспортунун көчүрмөсү тапшырыңыз.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбастан, жаран алдыдагы референдумда добуш бере албайт!

Толук аты-жөнүңүздү tizme.gov.kg сайтынан текшерип алсаңыз болот. Эгерде сиз өзүңүздү tizme.gov.kg веб-сайтындагы тизмеден таба албасаңыз, анда жарандын биометрикалык маалыматы тапшырылган эмес. Бул учурда жогоруда көрсөтүлгөн №2 иш-чараны жүргүзүү керек.

Урматтуу мекендештер!

Референдум 2021-жылдын 11-апрелинде, АКШнын Вашингтон шаарында, АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин имаратында өтөт (2360 Massachusetts Ave., NW, Washington, DC 20008).

Добуш берүү үчүн сиз Элчиликке келишиңиз керек, алыстан добуш берүү мүмкүн эмес.

Кошумча суроолоруңуз болсо, Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө 202 449 9822 номерине же kgconsulate.washington@mfa.gov.kg электрондук дарегине кайрылсаңыз болот.

№9034 шайлоо участогундагы (Вашингтон шаары, АКШ) «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда добуш берүү үчүн шайлоочулардын контролдук ТИЗМЕСИ! 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK