«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда добуш берүү үчүн шайлоочулардын биротоло тизмеси (2021-жылдын 11-апрели)
Урматтуу мекендештер!
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум 2021-жылдын 11-апрелинде саат 8:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигинин имаратында өтөт.
Өзүңүздүн атыңызды бул ШИЛТЕМЕДЕН текшерип коюунузду өтүнөбүз.
Жаныңызда сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун бир түрү болушу керек - Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык паспорту.
Элчиликтин дареги: 2360 Massachusetts Ave., NW, Washington, DC 20008.
Добуш берүү үчүн сиз Элчиликке келишиңиз керек, алыстан добуш берүү мүмкүн эмес.
Элчилик жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат!