2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин астында №9034 шайлоо участогунда добуш берүү башталды
Бүгүн, 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын «Конституциясы жөнүндө» Мыйзамын кабыл алуу боюнча Референдумду өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинде № 9034 шайлоо участогу ачылды.
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун нормаларын аткаруу максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.
Шайлоочулардын тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо участогунда саат 20:00гө чейин добуш бере алышат.