Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги Арлингтон Улуттук көрүстөнүндө «Эльбанын руху» эстелик белгисине гүл коюу аземине катышты
2021-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги Арлингтон Улуттук көрүстөнүндө «Эльбанын руху» эстелик белгисине гүл коюу аземине катышты.
Аталган азем советтик жана америкалык аскерлердин жолугушуусунун 76-жылдыгынын алкагында болуп өттү.
Аземге Экинчи дүйнөлүк согуштун америкалык катышуучулары, мурдагы СССР республикаларынын ардагерлери, АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтери катышты.