Америка-Кыргызстан Ишкерлер Кеңешинин Аткаруучу директору Елена Сон менен жолугушуу

3836

 

2021-жылдын 1-июнунда Элчи Бактыбек Аманбаев Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттары менен соода-экономикалык кызматташтыгын өркүндөтүү жана АКШдан биздин өлкөгө инвестицияларын кеңейтүү максатында АКШ-Кыргызстан ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Елена Сон менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Б.Аманбаев Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында табигый ресурстардын көлөмү жогору болгон жогорку экономикалык потенциалды белгилеп, АКШнын инвестицияларын, биринчи кезекте айыл чарба, тоо-кен жана текстиль, гидроэнергетика жана IT тармактарына тартуу боюнча практикалык иштерди куруу зарылдыгын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынып, анын ичинде ушул жылы Америка Кошмо Штаттарынын ири компанияларын жана каржы институттарын тартуу менен кыргыз-америка бизнес форумун өткөрүү тууралуу макулдашылды.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK