Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Американын бир катар шаарларында консулдуктар ачылат

2689

2021-жылдын 30-июлунан 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев Филадельфия шаарына (Пенсильвания) жумушчу сапары менен барып, мекендештери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Аманбаев атуулдарга Кыргыз Республикасынын ички саясий абалы, парламенттик шайлоо тууралуу кеңири маалымат берип, жарандарды алдыда боло турган парламенттик шайлоого активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле Б.Аманбаев Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык жакынкы келчекте Чикаго жана Нью -Йорк шаарларында консулдук ачыла тургандыгын маалымдап, мындай иш чара АКШ жашап, иштеген атуулдардын өздөрүнө керектүү документерди эч кыйынчылыксыз алуусуна жеңилдик болоорун кошумчалды. Элчи мырза атуулдардын ар кандай суроолоруна жооп берип, аларды кыргыз бийлигинин чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо саясаты менен тааныштырып аларга консулдук кызматтарды көрсөтүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системаларын киргизүү зарылчылыктары тууралуу жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Элчиликтин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын ортого салышып, өздөрүнүн көйгөйлөрү, күнүмдүк жашоо, иш чөйрөлөрү жөнүндө айтып беришти, ошондой эле Кыргызстанда иштетүүгө мүмкүн болгон өнүгүүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү тажырыйбалары менен бөлүштү.

Иш сапары учурунда элчиликтин кызматкерлери Филадельфия шаарында жашаган атуулдарга эки күн катары менен консулдук кызмат көрсөтүштү: жалпы жарандык паспортторду алмаштыруу/берүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, мекенине кайтып баруу жөнүндө күбөлүктү берүү, консулдук каттоодон өтүү жана ар кандай нотариалдык документтерди менен камсыз кылуу сыяктуу иш чараларды аткарышты. Эки күн аралыгында жүздөн ашуун ар кандай консулдук кызматтар көсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK