Нью-Йорк штатында жашаган кыргызстандык атуулдарга кулактандыруу

3609

Үстүбүздөгү жылдын  21-22-август күндөрү Кыргызстандын АКШ дагы Элчиси Бакыт Аманбаев жана элчиликтин кызматкерлери Американын Нью-Йорк штатына жумушчу иш сапары менен барат. Бул күндөрү Бакыт Аманбаев Нью-Йорк штатында  жашап иштеген  Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушат жана элчиликтин кызматкерлери тарабынан  кыргызстандык атуулдарга консулдук кызмат көрсөтүлөт. Тагыраак айтканда, консулдук кызматтардын бардык түрлөрү:  Паспортту жаңыртуу, нотариалдык иш-аракеттер, Мекенине кайтуу күбөлүгүн (СВР) , туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөр ж.б.). алууга мүмкүнчүлүгү берилет. 
Буга байланыштуу документ алууну каалган бардык жарандар алгач элчиликтин веб-сайтына төмөндөгү дарек: (https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63) кирип, сиздерди кызыктырган маселе боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, толук даярдалган документтер  менен келишиңерди өтүнөбүз.
Мындан тышкары, жолугушуу учурунда жакында  боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануу жана ага катышуу тартиби жөнүндө толук маалымат берилет, биометрикалык маалыматтар чогултулат, ошондой эле шайлоочуларынын тизмесине киргизилип жана Элчиликтин консулдук каттоосуна тургузулат.
Иш-чаранын дареги: 2579 E 17th Street, 3rd floor, Brooklyn, NY 11235
Убактысы: 21-августа саат 10-00дөн 19-00гө чейин жана 22- августа – саат 10-00дөн 17-00гө чейин улантылат.
Алдыда боло турган консулдук кабыл алууга алдын-ала даярдануу үчүн, Кыргыз Республикасынын жарандарынан консулдук кабыл алууга катышуусу жөнүндө тел. +1 (202) 449-9823 же электрондук kgconsulate.washington@mfa.gov.kg.почта аркылуу билдирип коюнуздарды  өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK