Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Аманбаев Америка бийлигинен АКШнын жардамын Кыргыз Республикасынын улуттук өнүктүрүү программаларынын максаттарына жана милдеттерине ылайык бөлүштүрүүдө жардам сурады

3478

2021-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Аманбаев АКШнын Мамлекеттик департаментинин Европа жана Евразия иштери боюнча бюросунун АКШнын Европа жана Евразияга жардам берүү боюнча координатору Д.Куликовски менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда Б.Аманбаев соңку жылдары өлкөдө оорун алган саясий окуялар менен тааныштырып, Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана өнүктүрүү программалары тууралуу маалымат берди. Өз сөзүндө Б. Аманбаев Президент Садыр Жапаровдун башкы максаты жакынкы келечекте кыргыз экономикасын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын ачууга жетишүү экендигин баса белгилеп, ал үчүн кыргыз бийлиги өлкөнүн бардык тармактарында, тагыраак айтканда, мамлекеттик башкаруу, экономика, сот, билим берүү, энергетика тармактарында системалуу реформаларды ишке ашырууга кызыктар экендигине токтолду. АКШнын өкмөтүнөн биринчи кезекте жогорудагыдай тармактарды жакшыртууга көмөк көрсөтүүсүн сурады. Андан аркы сөзүндө Б. Аманбаев АКШ Кыргызстанда ишке ашырып жаткан билим берүү тармагындагы долбоорлорунда жана жогорудагыда белгиленген тармактар боюнча адистердин билим тажрыйбасын жакшыртууга колдоо көрсөтүүсүн өтүндү.

Ал эми Д.Куливоски өз сөзүндө жогоруда белгиленген тармактар боюнча Кыргыз Республикасына мүмкүн болгон жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, америка тарап демократиялык баалуулуктарды колдоону жана өнүктүрүүнү уланта берээрин кошумчалды.

Сүйлөшүнүн жүрүшүндө тараптар учурдагы дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда коронавирустун жайылышына каршы жана пандемиянын экономикалык кесепеттерин жоюу боюнча да биргелешкен аракеттерди жасоону талкуулашты. Д.Куликовски Америка Кошмо Штаттары башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргыз Республикасына вакциналарды берүүнү улантарын айтты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK