АКШдагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Аманбаев, АКШнын Улуттук демократиялык институтунун президенти менен жолугушту

2681

2021 - жылдын 19 - августунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Б.Аманбаев АКШнын Улуттук демократиялык институтунун президенти Д.Митчелл менен жолугушуу өткөрүп, Кыргыз Республикасындагы акыркы ички саясий өзгөрүүлөр тууралуу кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Институттун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн учурдагы программалары жана багыттары, келечекке биргелешкен пландары талкууланды. Бакыт Аманбаев Кыргызстан АКШ дагы кош партиялуулук системасынын тажрыйбасынын жакшы жактарын үйрөнүүгө жана эң жогорку бийлик бутактарынын ортосундагы бири бирин ооздуктоо жана тең салмактоо принциптерин турмушта ийгиликтүү колдонууга жетишүүгө кызыктар экендигин жана ага аракет кылаарын айтып, бул тармакта парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо багытында биргелешип иш алып барууну сунуштады. Ошондой эле элчи Б.Аманбаев институттун Кыргыз Республикасындагы программалык ишмердүүлүгүндө мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына жооп берген тармактарга көмөк көрсөтүү абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

Д.Митчелл демократияны жана адам укуктарын өнүктүрүүдө Кыргызстандын региондогу алдыңкы ролун баса белгилеп, Институттун Кыргызстандагы бардык кызыкдар тараптар менен иштөөгө даярдыгына жана ачыктыгына ишендирди.

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK