АКШнын Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун ыраазычылык каты окулду

2854

 

Американын Чикаго шаарында үч күндөн бери уланып жаткан кыргыз оюндарынын спартакиадасы 5-сентябрда салатанаттуу жыйынтыкталды. Спорттук мелдештерди жыйынтыктоо салтанаты Чикагодогу ири ресторандардын биринде өткөрүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө Кыргызстандын АКШ жана Канадагы элчиси Бакыт Аманбаев сөз сүйлөп, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоону эң жогорку деңгээлде өткөргөндүгү жана Чикаго шаарында имаарат сатып алып, ал жерге Кыргыз маданий борборун уюштургандыгы үчүн америкада жашап иштеп жүргөн кыргызстандык атуулдарга Мамлекет Башчы Садыр Нуркожоевич Жапаровдун ыраазычылык баракчасын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамы Чикаго шаарында үч күн бою белгиленип, ага Американын бардык штаттарында жашаган атуулдар катышышты. Спорттун он үч түрүнөн мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө ар кандай сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө кыргыздын комузу чертилип, Манасы айтылып, элдик ырлары ырдалып, бийлери бийленип, кыргыздын боз үйү тигилип, америкалык тургундарга кыргыздын улуттук тамак аштары бекер таратылды.

Ушул эле күндөрү Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигинин кызматкерлери чогулган элге консулдук кызмат көрсөтүшүп, келе жаткан парламенттик шайлоого катыша турган атуулдарды катоодон өткөрүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK