АКШда Кыргыз-Америка бизнес-форуму уюштурулду

2763

 

2021-жылдын 6-сентябрында Элчи Б.Аманбаев АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында Кыргыз-Америка бизнес-форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Иш чара American Kyrgyz Bussiness Association (AKBA) жана Кyrgyz Community Center тарабынан каржыланып уюштурулду. Элчи Б.Аманбаев канткенде Америкадагы кыргыз ишкерлеринин ишмердүүлүгүн күчөтүп эл аралык деңгээлге чыгарууга болот жана кайсыл тармактар боюнча Кыргыз Республиксына жардам берүүгө болот, деген маселе боюнча өз сунуш пикирлерин ортого салып, бизнес-форумдун катышуучуларын Кыргызстандын инвестициялык, экономикалык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Ошондой эле эле элчи мырза форумдун катышуучуларына өлкө жетекчилиги тарабынан орто жана чакан бизнестин иштөөсүн жакшыртууга багытталган иш чаралары тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын катышуучулары АКШдагы компанияларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришип жана IT технология, соода, жүк ташуу жана көптөгөн башка тармактагы алдыңкы жетишкендиктери менен тааныштырды. Иш-чаранын жүрүшүндө анын катышуучулары жогорудагыдай иш-чаралардын натыйжалуулугун канааттануу менен белгилеп, ушул үлгүдөгү иш-чараларды мезгил мезгили менен өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK