Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын ("С5 + 1") жолугушуусуна катышты

2705

2021-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын ("С5 + 1") жолугушуусуна катышты.

Тараптар регионалдык коопсуздук, Афганстандагы кырдаалды ткарап чыгышты, ошондой эле экономикалык өз ара байланыш маселелерин талкуулашты.

Министр Казакбаев Афганстан менен өз ара аракеттенүү маселелеринде региондун өлкөлөрүнүн бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга - мөңгүлөрдүн ээришине, уран калдык сактагычтарга, эл аралык терроризмге жана экстремизмге, соода тоскоолдуктарына биргелешип каршы аракеттенүү боюнча иштөөгө чакырды.

Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтыгынын туруктуу орнотулган форматынын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK