АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев Монтана штатынын улуттук гвардиясынын өкулдөру менен жолугушту

3093

 

2021-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын өкүлдөрү Г.МакАллистер, В.Баллингер, В.Франк менен жолугушту.

Сүйлөшүнүн жүрүшүндө Монтана Улуттук Гвардиясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара кызматташууну жакшыртуу максатында мамлекеттик өнөктөштүк программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу пикир алмашышып, аталган программанын алкагында келечекте ар кандай тажрыйба алмашуу программаларын күчөтүүнүн жолдору талкууланды. 

        Монтана штаты Кыргыз Республикасы менен көп жылдар бою иш алып барган достук мамиледеги шатат болгондуктан, Элчи Бакыт Аманбаев америкалык тарапты соңку жылдары үзүлүп калган эки тараптуу мамилени кайрадан жандандырып, келчекте Монтана бийлиги менен социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну жакшыртуу боюнча сунуштарын ортого салды. Ошондой эле Монтана штаты айыл чарбасынын өнүгүшү боюнча алдыңкы оорундагы штат болгондуктан, элчи мырза аталган штат менен  айыл чарба, анын ичинде мал чарбасы, туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашырып баштоону сунуш кылды. Өз сөзүндө Бакыт Аманбаев Нарын шаары менен Монтана штатынын Грейт-Фоллс шаарынын ортосундагы достук мамилени  өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиленди.

Талкуунун жүрүшүндө  Б.Аманбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жетекчилигинин астында жүргүзүлгөн Конституциялык реформанын маңызын түшүндүрүү менен мындай реформаларды ишке ашыруунун  өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан  өнүктүрүүдөгү  тарыхый мааниси жөнүндө кеңири маалымат берди.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу боюнча конкреттүү иштерди алып баруу боюнча макулдашышты. 

 

 

Маалымат үчүн:

Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын Кыргыз Республикасы менен мамлекеттик өнөктөштүк программасы 1995-жылы башталган. 1996-жылдан бери алмашуу программасынын алкагында 850дөн ашуун кыргызстандык Монтана штатына барган. Бул өнөктөштүк программасынын алкагында жаратылыш  кырсыктарын алдын алуу, тынчтыкты сактоо жана өлкөнүн медициналык потенциалын жогорулатуу жана билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча  алгылыктуу иштер аткарылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK