Канадада жашаган кыргызстандык атуулдарга кулактандыруу!!!

3310

 

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев жана элчиликтин кызматкерлери 2022-жылдын 18-19 – январь күндөрү Монреаль шаарына жумушчу иш сапары менен келишет. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын элчиси Канадада жашаган мекендештер менен жолугушуп, алардын ар кандай суроолоруна жооп берет, ошондой эле атуулдарга  консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк  жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар көрсөтүлөт).

      ЭСКЕРТҮҮ:

Урматтуу мекендештер кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 деген веб-сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келишиңерди эскертебиз.

Консулдук кызмат көрсөтүү 18-19 – январь күндөрү саат 10-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт, дареги – 5905 Metropolitan East, Saint-Leonard, QC, H1P 1X3

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK