Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Тынчтык корпусунун директору Д.Олсен менен жолугушту

4466

2019-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын элчилигинде Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Тынчтык корпусунун директору Д.Олсен менен жолугушту.

Элчи Б.Отунбаев Тынчтык корпусунун биздин өлкөдө 25 жылдан бери англис тилин мектеп окуучуларына эле эмес, мугалимдерге дагы үйрөтүүгө багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалады.

Дипломатиялык миссиянын башчысы Б.Отунбаев ыктыярчылардын Кыргызстандын мектеп окуучулары менен болгон жакшы ишинин негизинде биздин көп сандаган студенттер алмашуу программалар боюнча АКШга окуп жатканынын баса белгиледи.

Кыргыз тарап Тынчтык корпусунун биздин өлкөгө ыктыярчылардын кезектеги тобун жөнөтүү,  жакынкы жана узак мөөнөттүү келечекте кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле ыктыярчылардын санын көбөйтүү боюнча чечимдерин колдоду.

Тынчтык Корпусунун директору Д.Олсен кыргыз тарабы ишти үлгүлүү жүргүзгөнү үчүн Элчи Б.Отунбаевди уюмдун расмий эмблемасы менен сыйлады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK