Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын соода өкүлүнүн жардамчысы Кристофер Уилсон менен жолугушту

3088

2022-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Соода өкүлүнүн Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Кристофер Уилсон жана анын орун басары Зеба Реязуддин менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнүн жолдорун жана келечегин, анын ичинде АКШнын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өндүрүлгөн айыл-чарба товарларын бажы төлөмү жок Aмериканын базарларына сатууга жеңилдиктерди берген -  Жалпыланган преференциялар системасын(ЖПС) колдонуунун жолдорун жана АКШ менен соода жана инвестиция боюнча алаканы жакшыртуу маселесин талкуулашты.

Элчи Аманбаев аталган программаны турмушта колдонуу жана анын жеңилдиктерин толук пайдалануу Кыргызстандын экспорттук потенциалын жакшыртуу үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи. Америка тарапты бул программаны пайдаланууну кеңейтүүгө көмөктөшүүнү жана ушул максатта кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен өкмөт өкүлдөрүнө атайын окутуу  семинарларын өткөрүп берүүнү өтүндү. Мындан тышкары, Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы, америкалык тарапты кыргыз экономикасын жакшыртууга багытталган, өлкөдөгү ар кандай экономикалык долбоорлорду каржылоо булагын түзүү максатында келчекте Кыргыз-америкалык инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Өз кезегинде Уилсон АКШ тараптын Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы соода-экономикалык күн тартибин жана кыргыз тараптын сунуштарын олуттуу талкуулоого даяр экендигин билдирди жана Жалпыланган преференциялар системасынын учурдагы абалы жөнүндө маалымат берип, кыргыз тарапка семинарларды өткөрүүгө жардам көрсөтүлөөрүнө ишендирди.

 

Маалымат үчүн: АКШнын жалпыланган преференциялар системасы 1976-жылы түзүлүп, 121 катышуучу өлкөдөн 5000ге жакын товарды АКШга жеңилдетилген же алымсыз ташып келүү аркылуу бенефициар өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн негизделген. Кыргызстан бенефициар өлкө статусун 1993-жылдын 29-декабрында алган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK