Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаев Вашингтон шаарындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

6626

Б.Отунбаев Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалышы менен байланыштуу 2019-жылдын февралынан апрелине чейинки мезгил ичинде АКШдагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүлдү. Атап айтканда, Элчи Б.Отунбаев Азербайжан, Армения, Беларусия (убактылуу ишенимдүү өкүлү), Грузия, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан элчилерине сылык иш сапарларды жүргүздү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу негиздеги ар кандай маселелер, Кошмо Штаттар менен мамлекет катышуучулардын ортосундагы мамилелердин учурдагы абалы жана келечектеги перспективалар, ошондой эле Вашингтон шаарындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ортосунда өз ара аракеттенүү боюнча маселелер талкууланды.

Мындай жолугушуулардын маанисин жана пайдалуулугун белгилеп, эки тарап такай боюнча пикир алмашуу жана өз ара ар кандай аспектилери боюнча тажрыйба алмашууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK