Лос-Анджелесте жашаган кыргызстандык атуулдарга кулактандыруу!!!

2946

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев жана элчиликтин кызматкерлери 2022-жылдын 5-6 – февраль күндөрү Лос-Анджелес шаарына жумушчу иш сапары менен келишет. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын элчиси Лос-Анджелесте жашаган мекендештер менен жолугушуп, алардын ар кандай суроолоруна жооп берет, ошондой эле атуулдарга  консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк  жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар көрсөтүлөт).

      ЭСКЕРТҮҮ:

Урматтуу мекендештер кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 деген веб-сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келишиңерди эскертебиз.

Консулдук кызмат көрсөтүү 5-6 – февраль күндөрү саат 10-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлөт, дареги – 275 W Lexington Dr, Glendale, CA 91203

 

Консулдук тейлөө жана жолугушууга катышууңуз тууралуу +1(323) 712-2131 телефон аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK