Кыргыз Республикасына келген америкалык туристердин санын көбөйтүү максатында жыйын өттү

2072

 

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин демилгеси жана уюштуруусу менен 2022-жылдын 29-мартында америкалык бир катар белгилүү туристтик компаниялар менен кыргызстандык туристтик компаниялардын жолугушуусу өттү. Жыйын онлайн форматында өтүп, ага бир нече америкалык туристтик компаниялар жана ондон ашуун кыргызстандык туристтик компаниялардын өкүлдөрү, АКШ өкмөтүнүн USAID программасынын жана Кыргыз-Америка бизнес кеңешинин өкүлдөрү катышышты.          

 Жолугушууну Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев ачып, жыйынга катышкан америкалык компанияларга Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берип, аларды кыргыз өкмөтүнүн бул багытта алып барып жаткан ишмердүүлүгү менен кеңири тааныштырды. Өз сөзүндө Бакыт Аманбаев туризм кыргыз өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүүдөгү эң артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгилеп, бул багытта кыргыз бийлиги бир катар өнүккөн өлкөлөргө анын ичинде АКШнын жарандарынын Кыргыз Республикасына келүүсүнө визалык режимди алып салгандыгын маалымдады. Андан соң Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын жетекчиси Анвар Юсупов жана кыргызстандык туристтик компаниялардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасы тууралуу жана өздөрүнүн ишмердүүлүктөрү жөнүндө атайын слайд түрүндө көргөзмө сүрттөрдү кошуу менен  кеңири маалымат беришип, ар тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Бакыт Аманбаев жана кыргызстандык туристик компаниянын өкүлдөрү америкалык туристик компаниялардын суроолоруна жооп беришти. Жыйындын катышуучулары келчекте жакындан кызматташуу боюнча макулдашышып, өз ара жеке жылуу байланыштарын түзүүгө жетишишти.





 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK