Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусу тууралуу маалымат

1673

2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун төрагалыгы астында Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу болуп өттү, ага Казакстан Республикасынын Президенти К.-Ж.Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмон, Түркмөнстандын Президенти С.Г.Бердымухамедов жана Узбекистан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёев катышышты.

Чолпон-Ата Консультативдик жолугушуусу Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлеринин кеңири чөйрөдөгү кызматташтык маселелери боюнчабайланыштарды бекемдөөгө анын ичинде аймактык коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык кызматташуу, ошондой эле экономикалык, экология жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, ошондой эле маданий-гуманитардык багытта болгон жалпы ниетин көрсөттү. 

Саммит учурунда Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты, региондогу коопсуздук маселелери, анын ичинде энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ; регионалдык масштабда бир катар демилгелерди, атап айтканда, өз ара сооданы стимулдаштыруунун жаңы формаларын жана механизмдерин киргизүү, региондо эл аралык транспорттук коридорлорду жана эл аралык транспорт инфраструктурасын түзүү, аймактык телеканалды ачуу, аймактык медиа форумун, Борбордук Азиядагы маданият, искусство жана кино фестивалдарынын ж.б. суроолор боюнча пикир алмашышты.

Төртүнчү Консультативдик жолугушуу Борбор Азиядагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүдөгү дагы бир жемиштүү кадам болду.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын лидерлери 21-кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү боюнча достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюшту. Келишим Борбордук Азия мамлекеттеринин элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган. Келишим мамлекеттердин экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-логистикалык, туризмдик, маданий-гуманитардык потенциалын комплекстүү өнүктүрүүгө, ошондой эле региондун бардык өлкөлөрүнүн граждандарынын турмушунун бакубатчылык менен сапатты жогорулатууга багытталган Борбордук Азиядагы беш тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын белгилейт. .

Мындан тышкары, Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алынып, Борбордук Азиядагы практикалык кызматташуу боюнча концептуалдык документтер бекитилди: 2022-2024-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасы, Борбордук Азия үчүн «Жашыл күн тартиби» аймактык программасы, Көп тараптуу форматтардын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин Азиянын өз ара аракеттенүү концепциясы.

2022-2024-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасы бир катар багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана бир катар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү максатында кабыл алынган. Ошентип, БУУда аккредиттелген Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы саясат ведомстволору жана миссиялары, парламенттер аралык кызматташуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экология, энергетика, экономика, транспорт, айыл чарба, билим берүү жана маданият жана башка тармактарда, ошондой эле стратегиялык изилдөөлөр менен алектенген институттар/борборлор аркылуу бөлүмдөр жетекчилеринин деңгээлинде байланыштарды активдештирүү каралган. 

2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү боюнча күн тартибин, 1992-жылдын 9-майындагы Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясын жана 2015-жылдын 12-декабрындагы Париж макулдашуусун ишке ашыруу максатында Борбордук Азия үчүн «Жашыл күн тартиби» аймактык программасы кабыл алынган. Борбордук Азия мамлекеттери биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, технологияларды трансферттөө жана бул жаатта билим алмашуу аркылуу аймактагы “жашыл” экономикалык өсүштү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өз ара пайдалуу эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

Борбор Азия мамлекеттеринин көп тараптуу форматтардын алкагында өз ара аракеттенүү концепциясы региондун мамлекеттеринин, анын ичинде “Борбор Азия+” форматтарында өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактык уюмдар көп тараптуу координациялоонун жана кызматташуунун глобалдык жана топтолгон аймактык тажрыйбасын эске алуу менен ошондой эле алардын эл аралык уюмдар менен кызматташуусун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK