Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Отунбаев Эл аралык Республикалык Институтунун Евразия өлкөлөрү боюнча Регионалдык Директору Стивен Никс менен жолугушуу өткөрдү
2019-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчиси Б.Отунбаев Эл аралык Республикалык Институтунун Евразия өлкөлөрү боюнча Регионалдык Директору Стивен Никс менен жолугушту. Жолугушууда Институттун программаларын жана иш-чараларын Кыргызстанда ишке ашыруу маселелер, ошондой эле келечектеги коюлган жалпы пландар талкууланды.