2019-жылдын 8-9 июнунда Квебек провинциясындагы Монреаль шаарында Элчилик тарабынан Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө иши жүргүзүлөт.

7118

2019-жылдын 8-9 июнунда Квебек провинциясындагы Монреаль шаарында Элчилик тарабынан Канада өлкөсүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук тейлөө иши жүргүзүлөт.

Иш-чараны өткөрүү орду: 414 Avenue Lafleur, LaSalle, QC, H8R 3H6.
Убактысы: 8 – июнда саат 10-00дөн 17-00гө чейин;
9 – июнда саат 10-00дөн 15-00гө чейин.

Бул жолугушууда тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк болот (чет өлкөгө чыгуу паспортун жаңылоо, нотариалдык кызматтар, Мекенине кайтуу күбөлүгүн, туулгандыгы тууралуу күбөлүк тариздөө үчүн документ тапшыруу). Ушуга байланыштуу Элчиликтин веб-сайтынан (WWW.KGEMBASSY.ORG) өзүңүздөргө тиешелүү маселелер боюнча маалымат алып, жана керектүү документтер менен жолугушууга келсеңиздер болот.
Сиздерге ыңгайлуу болуусу үчүн Элчиликтин өкүлү менен консулдук маселелер боюнча жолугушуу эс алуу күндөрү өткөрүлөт (ишемби, 9 – июнь жана жекшемби, 10 июнь).
Ушуга байланыштуу бул маалыматты туугандар, тааныштар, достор арасында таратууну, ошондой эле жолугушууга катышууңуз тууралуу 2022562924 телефону боюнча, же consul@kgembassy.org электрондук почта аркылуу билдирип коюуну өтүнөбүз.
Мындан сырткары, Канадага башка консулдук чыгуу 2019-жылдын аягына чейин пландаштырылган эмес. Ошону менен бирге биз Сиздерди
2360 Massachusetts Ave NW, Washington, DC, USA, 20008 дареги боюнча жайгашкан КРнын АКШ жана Канададагы Элчилигинде кабыл алууга даярбыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK