Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Кыргызстандан келген жоон топ ишкерлер менен жолугушту

682

2023-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Кыргызстандан келген 20дан ашуун ири компаниялардын жана расмий бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу боюнча пикир алмашуу болду.  

Баарлашуунун жүрүшүндө элчи Б.Аманбаев кыргыз ишкерлерине соңку жылдары дүйнө жүзүндө оорун алган жаңы экономикалык өзгөрүүлөр, жаңы экономикалык багыттар жана канткенде кыргыз экономикасын көтөрүү, канткенде Кыргызстанга  америкалык инвестицияны кантип таруу керектигине жана ал үчүн  кайсыл багыттарга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына кеңири токтолду. Ошондой эле элчи мырза быйылкы жылы кыргыз-америка бизнес форумун өткөрүүнү сунуштап, ал боюнча өз сунуштарын ортого салды.

     Иш-чаранын жүрүшүндө анын катышуучулары азыркы убакта Кыргыз Республикасындагы бизнес жүргүзүүдөгү көйгөйлүү маселерди көтөрүшүп, аны жою боюна өз сунуштарын айтышып, АКШнын рыногуна кыргыз айыл чарба товарларын чыгарууга зарыл болгон  документтерди алуу боюнча көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты. Бакыт Аманбаев кыргыз ишкерлери АКШнын Конгресси тарабынан кабыл алынган Артыкчылык берүүнүн жалпыланган системасы (Всеобщей системы преференций ВСП) программасынын негизинде Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын АКШнын базарларына сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин маалымдап, учурда элчилик башка өлкөлөрдүн элчиктери менен бирге бул программанын мөөнөтүн узартуу үчүн американын тиешелүү бийлигине кайрылгандыгын кошумчалады.

Ошондой эле элчи мырза Кыргызстандык ишкерлердин бардык суроолоруна жооп берип, аларды өз ишмердүүлүгүн жаңы багытар боюнча кеңейтүүгө жана эки тараптуу экономикалык мамилелерди жандандырууга өз салымын кошууга чакырды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ушул жылы кыргыз жана америкалык компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-америкалык бизнес форумун өткөрүү пландаштырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK