Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик департаменттин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюро башчысынын орун басары менен жолугушту

287

 

2023-жылдын 5-апрелинде Элчи Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары, Мамлекеттик департаменттин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюро башчысынын орун басары  С.Вейнхолд мырза жетектеген өкүлдөр менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушуу учурунда АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээли  жана аны жакшыртуу тууралуу кеңири пикир алмашуу болуп, келечекте кызматташуунун багыттары талкууланды. Алгач америка тарап эки өлкөнүн ортосундагы соңку жылдары аткарылган жана аткарылып жаткан ар түрдүү программалар тууралуу толук маалымат беришти. 

Ал эми элчи мырза өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалар жана Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы артыкчылыктуу багыттарга  жана муктаждыктар тууралу кеңири айтып берди. Андан  аркы сөзүндө кыргыз элчиси Билим берүү тармагын жакшыртуу ар бир өлкөнүн эң артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгилеп, АКШнын билим берүү жаатындагы  ар кандай программалары боюнча Кыргыз Республикасына бөлүнгөн оорундардын санын көбөйтүү жана англис тилин региондордогу мектептерде терең окутуу боюнча жаңы долбоорлорду баштоо боюнча өз сунуштарын ортого салды. Ошондой эле Бакыт Аманбаев Кыргыз Республикасы менен студенттерди, мугалимдерди, илимпоздорду жана мектеп окуучуларын алмаштыруу  боюнча программаларды күчөтүү жана алардын санын көбөйтүү жана бул багытта жаңыдан программаларды баштоо боюнча сунуштары менен бөлүштү.

Америкалык тарап билим берүү жаатында сунуштаган долбоорду жакшыртуу боюнча ойлорун ортого салышып, эки өлкөнүн ортосунда билим берүү жааатында кызматташтыкты күчөтүү максатында келечекте биргелешип иш алып барууну макулдашты.

Маалымат үчүн: АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият иштери боюнча бюросу АКШнын тышкы саясий максаттарын алдыга жылдыруу үчүн зарыл болгон билим берүү тармагындагы кесиптик жана маданий алмашуу жана башка программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK