Кыргызстандык жана америкалык ишкерлердин кызматташтыгын жакшыртуу маселеси талкууланды

118

2023-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШны кыдырып жүргөн Кыргызстандык жоон топ ишкерлер менен жолукту.

Жолугушууга «Ак Буура», «Unique Group» ЖЧКсы, «Пик Строй», «Шекер», «Mon Ami» ЖЧКларынын жетекчилери, «kurbum_kg» жана башка компаниялардын жетекчилери катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Бактыбек Аманбаев Элчиликтин ишмердүүлүгү, кыргыз-америкалык мамилелерди жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштер менен тааныштырып, келечекте канткенде америкалык бизнес өкүлдөрү менен мамилени жакшыртуу боюнча өз сунуштары менен бөлүштү. Жолугушуу достук маанайда өтүп, кыргыз америка ишкерлеринин өз ара кызматташтыгын жакшыртуунун тегерегинде пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун катышуучулары АКШда жашап иштеген теги Кыргызстандык бизнесмендер менен биргелешип ишкерлер биримдигин түзүүнү сунушташты. Ал эми Элчи алардын мындай сунушун колдоп, аны уюштуруу боюнча көз карашы менен бөлүшүп, жакынкы келечекте мындай иш чараны биргелешип уюштурууну макулдашышты.

Ошондой эле Элчи Бактыбек Аманбаев жакында америкалык текстил багытында иштеген Smartmatic деп аталган компания жетекчиси Питер Джонс менен жолугушкандыгын айтып, эгерде кыргызстандык ишкерлер аталган компания жабдууларын сатып алууга даяр болсо америкалык компания өкүлдөрү кыргыз ишкерлеринин текстил багытындагы товарларын АКШ рыногуна чыгарып сатууга жардам берээрин убада кылгандыгын маалымдады. Сүйлөшүү соңунда тараптар келчекте ушул багытта биргелешип иш алып барууну макулдашышты.

  • Кыргызстандык жана америкалык ишкерлердин кызматташтыгын жакшыртуу маселеси талкууланды
  • Кыргызстандык жана америкалык ишкерлердин кызматташтыгын жакшыртуу маселеси талкууланды
  • Кыргызстандык жана америкалык ишкерлердин кызматташтыгын жакшыртуу маселеси талкууланды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK