Президент Садыр Жапаров "Борбор Азия жана АКШ" биринчи Саммитине катышты

114

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) "Борбор Азия жана АКШ" мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин ишине катышты.

Ага Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байден жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Казакстан - Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан - Эмомали Рахмон, Түркмөнстан - Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан - Шавкат Мирзиёев катышты.

Саммитти АКШ Президенти Джо Байден ачып, андан соң Борбор Азиянын бардык мамлекет башчылары сөз сүйлөштү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө тараптар ортосунда күн тартиби жана талкууланып жаткан маселелердин чөйрөсү кеңейип жатканын белгиледи. Америка Кошмо Штаттары менен, анын ичинде С5+1 форматында кызматташуу - өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

"Бул формат өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы керек деп эсептейм. Дүйнөлүк экономика коронавирустук пандемиянын терс таасиринен толук калыбына келе электе эле жаңы соккуларга жана туруксуздукка туш болду.

Менин көз карашымда, мындай кризистик шарттарда, биринчи кезекте, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, макроэкономикалык туруктуулукту жана региондогу социалдык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери Борбор Азия мамлекеттеринен артыкчылыктуу көңүл бурууну жана координацияланган ишмердүүлүктү талап кылат", - деди Садыр Жапаров.

Президент биздин региондогу өлкөлөр олуттуу жаратылыш байлыктарына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, ошондой эле квалификациялуу жумушчу күчүнө ээ экендигин белгиледи.

"Биз чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, анын ичинде америкалык бизнестин биздин өлкөдө жана региондо кеңири катышуусун жактайбыз. Биз "жашыл" экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча кеңири эл аралык кызматташууга даярбыз. Бизде өнөр жай, айыл чарба, ирригация, транспорттук-логикалык система чөйрөсүндө,  инфраструктуралык долбоорлорду кошкондо, ар кандай долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Биз өлкөнүн маанилүү транспорттук артерияларын модернизациялоону улантып жатабыз. Темир жол байланышы жаатында ири регионалдык долбоор пландаштырылууда. Бул багыттардын бардыгы деңизге чыга албаган өлкө катары биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын потенциалы толук көлөмдө ишке ашырыла элек Америка Кошмо Штаттары менен эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары да кеңейтүү, ошондой эле регионалдык проблематика маселелери боюнча өнөктөштөр менен биргелешип иштөө ниетин белгиледи.

Ал ар бир өлкөнүн экономикалык туруктуулугу үчүн энергетикалык тармакты өнүктүрүү, энергияны үзгүлтүксүз берүү негизги шарт болуп саналарын кошумчалады.

“Биздин өлкөдө региондун суу ресурстарынын дээрлик жарымы бар. Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жылына болжол менен 142,5 млрд кВт-саатты түзөт, бирок азыркы учурда 13 пайыздан ашпаганын гана пайдаланылууда. Кыргызстан ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ар кандай түрлөрүнүн чоң потенциалына ээ. Биз инвесторлорду, эл аралык өнөктөштөрдү жана финансылык институттарды ГЭС жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын башка объектилерин куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык кызматташууга чакырабыз. Үстүбүздөгү жылы биз мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо, анын ичинде аны "жашыл" экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмашуу механизмин колдонуу демилгесин да көтөрдүк. Америкалык тарап өнөктөштөр жана эл аралык финансы институттары менен иштешүүгө көмөк көрсөтөт деп ишенебиз", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Борбор Азиядагы регионалдык коопсуздук маселелерин Афганистандагы кырдаалдан бөлүп, талкуулоо мүмкүн эместигин баса белгиледи. Буга байланыштуу кыргыз тарап Афганистанда тынчтык жана туруктуулук болушуна жана бул өлкө менен жакшы коңшулук мамилелерди сактоого кызыкдар экендигин билдирди.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу Борбор Азия мамлекеттеринин АКШ менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары арттырууга маанилүү түрткү берет, деген ишенимин билдирди.

  • Президент Садыр Жапаров
  • Президент Садыр Жапаров
  • Президент Садыр Жапаров
  • Президент Садыр Жапаров

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK