Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө

103

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өтө турган Элдик Курултайга даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы Элчилиги тарабынан АКШнын жана Канаданын компетенттүү органдарында АКШнын жана Канаданын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн кыргыз коомдук уюмдарынын укук белгилөөчү документтерин чогултуу боюнча иштер башталды.

         Буга байланыштуу Элчилик Элдик Курултайга катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүүнүн төмөнкү алгоритмине көңүл бурууну өтүнөт:

  • Коомдук уюмдарга Элдик Курултайга катышууга делегат көрсөтүү укугун берүү максатында документтер 2023-жылдын 13-октябрына чейин кабыл алынат.
  • Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо укугу Элдик Курултайга делегаттарды түзүүдө катышуучулардын тизмесине кирген коомдук уюмда болот.
  • Коомдук уюм тизмеге бул уюмдун АКШда жана Канадада мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде киргизилет.
  • Ошол эле учурда төмөнкүлөр Элдик Курултайдын делегаттары боло албайт:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;

– Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок адамдар;

– соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар;

– мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар адамдар, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор, алардын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына же жоюлбаганына карабастан;

– 21 жашка чейинки адамдар.

Буга байланыштуу Элчилик Элдик Курултайга катышууга делегаттарды көрсөтүүнү каалаган коомдук уюмдардан 2023-жылдын 13-октябрына чейин тиешелүү документтерди (уюмдун АКШда жана Канадада мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү менен жазуу жүзүндөгү арыз) берүүнү өтүнөт (дареги: 2360 Massachusetts Avenue NW Washington DC, 20008, эл.почта: kgembassy.usa@mfa.gov.kg).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK