Кыргызстандык компаниялар АКШда өткөн «Silicon Slopes Summit» саммитине катышышты

119

Кыргызстандагы маалыматтык технологиялар тармагында иш алып барган 15 компаниянын өкүлдөрү АКШнын Юта штатынын Солт Лейк Сити шаарында өткөн ири «Silicon Slopes Summit» аттуу самитке катышышты.

Аталган Саммитке Кыргыз Республикасынан келишкен «Жогорку технологиялар паркы”, «Med Devs», «Epam Systems», «York», «Pricer Bishkek», «Fourtale», «Microtet», «Mitapp», «Bir Express», «Логистикалык кызматтарды өнүктүрүү боюнча Кыргыз-Америкалык ассоциациясы», «Neoplace», «Supreme Group» жана башка  компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Аталган иш чарага кыргызстандык компаниялардын катышуусу КРнын АКШда жана Канададагы Эличилиги жана Юта штатынын бийлиги (Губернаторунун кеңсеси) менен биргеликте уюштурулду. IT тармагында иштеген компаниялардын мындай дүйнөлүк саммити 27-28-сентябрь күндөрү АКШнын Юта штатында өткөрүлүп, ага дүйнө жүзүнөн маалыматтык технологиялар жаатында иш алып барышкан алдыңкы компаниялар катышышты. Ошондой эле аталган саммитке Тони Роббинс (ишкер жана филантроп), Гари Вайнерчук (Vaynermediaнын башкы директору), Жимми Питаро (ESPN төрагасы), Рид Хастингс (Netflixтин негиздөөчүсү жана аткаруучу төрагасы), Джим Лазон (Yahooнун башкы директору) жана ири компаниялардын башка көптөгөн атактуу жетекчилери катышышып, сөз сүйлөштү.

Ушул эле күндөрү Кыргызстандан келишкен компания өкүлдөрү аталган саммиттин алкагында атайын абдан маанилүү коноктор үчүн уюштурулган (VIP networking session) иш-чарасына катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Маалымат үчүн: VIP-нетворкинг сессиясы катышуучулар арасында байланыштарды күчөтүүгө жана алмашууга багытталган өзгөчө иш чара. Бул иш чаранын башталышында анын уюштуруучулары Кыргыз Республикасы тууралуу чет өлкөлүк компания өкүлдөрүнө өзгөчө маалымат беришип, андан соң Кыргызстандан барышкан ар бир компания өкүлдөрүн алдыга чыгып компаниясынын ишмердүүлүгүн тааныштырууга мүмкүнчүлүк берилди. Натыйжада, Кыргызстандык компаниялар менен америкалык компаниялардын жекеме жеке таанышып, сүйлөшүп келечекте биргелешип иш алып баруу максатында макулдашуусуна толук шарттар түзүлдү.

  • Кыргызстандык компаниялар АКШда өткөн «Silicon Slopes Summit» саммитине катышышты
  • Кыргызстандык компаниялар АКШда өткөн «Silicon Slopes Summit» саммитине катышышты
  • Кыргызстандык компаниялар АКШда өткөн «Silicon Slopes Summit» саммитине катышышты
  • Кыргызстандык компаниялар АКШда өткөн «Silicon Slopes Summit» саммитине катышышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK