Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги Юта штатында тегерек стол жыйынын өткөрдү

113

2023-жылдын 28-сентябрында Юта штатынын Дүйнөлүк соода борборунун имааратында Кыргызстандан АКШга келишкен маалымат технология тармагында иштеген компаниялардын өкүлдөрү менен  Юта штатынын расмий бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Иш чара Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги тарабынан уюштурулду.

Тегерек столду Юта штатынын Губернаторунун кеңсесинин экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын Эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Франц Колб мырза алып барды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Франц Колб кыргызстандык компания өкүлдөрүнө кайрылып, Кыргызстан менен Ютатын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого толук колдоо көрсөтүлөөрүн жана ар кандай суроолоор болсо түздөн-түз кайылуусун өтүндү.

Элчи Бактыбек Аманбаев, өз кезегинде, Франц Колбго ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасы менен Юта штатынын ортосундагы расмий деңгээлдеги кызматташуусун гана бекемдебестен, эки тараптын жеке уюмдарынын ортосунда да бекем өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана чыңдоого чоң салым кошоорун белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Юта Дүйнөлүк соода борборунун глобалдык бизнес-кызматтар боюнча Башкаруучу директору Дастин Догертинин да баяндамасы угулду. Ал аталган борбор жөнүндө жана жергиликтүү компаниялардын эл аралык рынокторго чыгуусуна кандайча жардам берип жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле иш-чарага Юта штатынын энергетика жана башка тармактар боюнча иш алып барган өкүлдөрү катышып, кыргызстандык компания өкүлдөрүнүн ар кандай сууроолоруна жооп беришти.

  • Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги Юта штатында тегерек стол жыйынын өткөрдү
  • Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги Юта штатында тегерек стол жыйынын өткөрдү
  • Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги Юта штатында тегерек стол жыйынын өткөрдү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK