АКШ жана Канададагы Элчи Б.Аманбаев америкалык компаниялар менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады

238

2023-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев америкалык гидроэлектростанцияларды куруу багытында иш алып барып, дүйнө жүзү боюнча ири курулуш долбоорлорун ишке ашырган «Westland Construction» аттуу компаниянын Башкы директору Джереми Кемп менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи Бактыбек Аманбаев Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык ири мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.

Ошондой эле Элчи кыргыз өкмөтү тарабынан ички жана тышкы инвесторлордүн ишмердүүлүгү үчүн жетишээрлик шарттарды түзгөндүгү тууралуу кеңири маалымат берип, аталган компания жетекчилигине эки өлкөгө ыңгайлуу шартта Кыргызстанда гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

         Джереми Кемп өз кезегинде, келечекте Кыргызстанда ири гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгилеп, бул багытта конкерттүү долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуштады.

Ошол эле күнү Элчи Бактыбек Аманбаев америкалык автомобилдерди электрификациялоо боюнча иш алып барган «Hypercraft USA» аттуу компаниянын Башкы директору Шон Хилл менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык жүргүзүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү. Бул жолугушуунун учурунда Бактыбек Аманбаев технологияларды Кыргызстанга алып барып, Борбор Азия рыногун электромобиль менен камсыз кылууну сунуштады. Бул контекстте аталган компаниянын башчысын Кыргызстанга келип, өлкөбүздүн инвестициялык потенциалы менен жеринде таанышып кетүүнү сунуштады. Америкалык тарап, Элчи Бактыбек Аманбаевдин сунушун кабыл алуу менен, бул багытта биргелешип иш алып баруу боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Ушул эле күнү Элчи Бактыбек Аманбаев сууну тазалай турган жабдууларды чыгаруучу «AMPAC USA» компаниясынын Башкы директору Рой Куппербендер менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Элчи Бактыбек Аманбаев өлкөбүздүн суу тармагындагы потенциалы тууралуу маалымат берип, Кыргызстандагы таза сууну бөтөлкөлөп чет өлкөлөргө чыгаруу максатында биргелешип иш алып барууну сунуштады. Тараптар келечекте кызматташтыкты улантып, конкреттүү долбоорлорду улантуу боюнча өз ой сунуш пикирлери менен бөлүшүп, кызатташтыкты улантууну макулдашышты.

  • АКШ жана Канададагы Элчи Б.Аманбаев америкалык компаниялар менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады
  • АКШ жана Канададагы Элчи Б.Аманбаев америкалык компаниялар менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады
  • АКШ жана Канададагы Элчи Б.Аманбаев америкалык компаниялар менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады
  • АКШ жана Канададагы Элчи Б.Аманбаев америкалык компаниялар менен эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK