Канадада жашаган кыргызстандык атуулдарга кулактандыруу!!!

311

Урматтуу мекендештер!

2023-жылдын 15–16-октябрында Канаданын Монреаль шаарында Элчилик тарабынан Канадада жашаган Кыргыз Республикасынын
жарандарына консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт.

Иш-чаранын дареги: 390 Lafleur, LaSalle, Quebec, H8R 3H6
Иш-чаранын убактысы: 10-00дөн 18-00гө чейин

Бул жолугушууда тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк болот (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар көрсөтүлөт).

ЭСКЕРТҮҮ:
Урматтуу мекендештер кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 деген веб-сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келишиңерди эскертебиз.

Консулдук тейлөөгө катышууңуз тууралуу +1(514) 458-7950, +1(202) 256-2924 телефон аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK