АКШнын конгрессмендери Чикагодо жашап иштеген кыргызстандык атуулдар менен жолугушууга макулдук беришти

264

2023-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Иллинойс штатынан шайланган конгрессмендер Ража Кришнамурти жана Майк Куигли менен жекеме-жеке жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү жана аларды жакшыртуунун жолдору талкууланып, келечекте парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алмашышты.

Элчи Б.Аманбаев америкалык конгрессмендерге Кыргызстандын ресурстук потенциалы жана экономикалык артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берип, жалпы Борбор Азия региону тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Бактыбек Аманбаев өз сөзүндө Иллинойс штатында миңдеген кыргызстандык атуулдар жашап иштешээрин, алардын айрымдары АКШнын жарандыгын алышкан мыйзамдуу шайлоочулары экендигин баса белгилеп, жакынкы келечекте алар менен жолугушуу уюштуруп, алардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, келечекте биргелешип иш алып барууну сунуштады.

Ошондой эле Элчи эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык мамилени жакшыртууну сунуштап, конгрессмендерди Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде АКШ конгрессмендери Р.Кришнамурти жана М.Куигли парламенттер аралык кызматташууну жакшыртуу маселесин колдоорун жана Кыргызстанга келүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле америкалык конгрессмендер Элчи Бактыбек Аманбаевдин жакынкы келечекте Чикагодогу «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмунун негизинде Иллинойс штатында жашаган кыргызстандыктар менен конгрессмендердин жолугушуусун уюштуруусуна макулдугун беришти.

  • АКШнын конгрессмендери Чикагодо жашап иштеген кыргызстандык атуулдар менен жолугушууга макулдук беришти

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK