Элчи Б.Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча бюросунун жардамчысы Д.Лу менен жолугушту

266

2023-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча бюросунун жардамчысы Дональд Лу менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана кыргыз-америкалык мамилелерди чыңдоо тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Б.Аманбаев эки өлкөнүн жарандары үчүн берилүүчү ишкердик жана туристтик визаларынын мөөнөтүн беш жылдан 10 жылга чейин жогорулатуу жана виза жыйымдарын төмөндөтүү боюнча буга чейин макулдашылган иш-чараларды ишке ашырууну тездетип берүүнү өтүндү. Ошондой эле Бакыт Аманбаев өлкө жетекчилигинин коррупцияга жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, америкалык тарапка Кыргызстандын соода-экономикалык потенциалын жана инвестициялык климатын жакшыртуу багытында биргелешип иш алып баруу боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчынын жардамчысы Д.Лу Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин бардык багыттар боюнча аракеттерин жогору баалап, жогоруда аталган маселелер боюнча келечекте биргелешип иш алып баруу боюнча өз сунуштары менен бөлүштү. Ошондой эле Д.Лу виза маселеси боюнча аткарылып жаткан иш аракеттердин  маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу кызматкерлерге ишти тездетүүнү тапшырды. Андан аркы сөзүндө Мамлекеттик катчынын жардамчысы америкалык тарап эки өлкөнүн көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун чыңдоого багытталган эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK