Нью-Йоркто жашаган кыргызстандык атуулдарга кулактандыруу!!!

250

2023-жылдын 25-26-ноябрында АКШнын Нью-Йорк шаарында Элчилик тарабынан Нью-Йорк штатында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт.

Иш-чаранын дареги: 2105 E 22nd Str, Brooklyn, NY, 11229

Убактысы: 25-26-ноябрында – саат 09-30дөн 17-00гө чейин.

Бул жолугушууда тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк болот (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк  жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар көрсөтүлөт).

Ушуга байланыштуу Элчиликтин веб-сайтынан (https://mfa.gov.kg/ru/embassies/embassy?id=63) өзүңүздөргө тиешелүү маселелер боюнча маалымат алып, жана керектүү документтер менен жолугушууга келсеңиздер болот.

Консулдук тейлөөгө катышууңуз тууралуу +1(347) 571-8402, +1(202) 256-2924 телефон аркылуу билдирип коюунузду өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK