Элчи Б.Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Дж.Поммершайм менен жолугушту

243

2023-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты жакшыртуунун жолдорун талкууга алышты.

Алгач Элчи Б.Аманбаев Кыргызстандын Президенти С.Жапаровдун жетекчилиги менен соңку 3 жылдын ичинде Кыргызстанда жана регионалдык деңгээлде аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу кыскача маалымат берди. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн Борбордук Азия жана АКШ мамлекет башчыларынын C5+1 форматындагы Саммитинин алкагында кабыл алынган декларациянын пункттарын ишке ашыруу боюнча көнкреттүү өз сунуштары менен бөлүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Аманбаев эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча сунуштарын ортого салуу менен бирге, кыргыз жарандары үчүн туристик визанын мөөнөтүн 10 жылга узартуу боюнча буга чейин макулдашылган иш-чараларды ишке ашырууну тездетип берүүнү өтүндү.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Дж.Поммершайм Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин ишин жогору баалап, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилени жакшыртуу боюнча өз сунуштары менен бөлүштү. Кыргыз жарандарына берилүүчү визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу боюнча учурда АКШнын Мамлекеттик департаментинин тийиштүү кызматкерлери тарабынан иштер аткарылып жаткандыгын белгилеп, маселени тездетүү боюнча өз сунунуштарын билдирди.

Жолугушуу достук маанайда өткөрүлүп, эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди жакшыртуу боюнча биргелешип иш алып баруу боюнча өз ара макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK