АКШнын Эксим банкы кыргыз тарап жана кыргыз ишкерлери менен кызматташууга, ошондой эле Кыргызстандагы конкреттүү долбоорлорду колдоого даяр

227

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчиси Б.Аманбаев 2023-жылдын 21-ноябрында АКШнын Exim банкынын өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Бенджамин Тодд менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана практикалык жолдору талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Аманбаев аталган банк менен кыргыз тараптын жакындан кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору тууралуу маалымат берүүнү өтүндү. Б.Тодд өзү жетектеген банктын каржылуу мүмкүнчүлүктөрү, кызматташуунун жол-жоболору тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле келечекте кыргыз тарап жана кыргызстандык ишкерлер менен иштешүүгө жана конкретүү долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирди.

Элчи Б.Аманбаев соңку жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги тарабынан аткарылып жаткан өлкө ичиндеги жана регионалдык деңгээлдеги долбоорлор тууралуу кыскача маалымат берди. Ошондой эле Б.Аманбаев Кыргыз Республикасынын ресурстук потенциалы: жашыл энергия өндүрүү, тоо-кен өндүрүшү, жеңил өнөр-жай, туризм жана айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, аларды биргелешип иштетүү боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Б.Тодд Элчи Б.Аманбаев белгилеген сунуштарды турмушка ашыруу максатында ар тараптуу кызматташтыка жана келечекте биргелешип конкреттүү долбооорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар жакынкы келечекте биргелешип иш алып баруу боюнча жакындан кызматташууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK