Кыргызстандык атуулдарга берилүүчү америкалык визанын мөөнөтү беш жылдан он жылга көтөрүлөт

355

2023-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик Департаментинин Консулдук Бюронун Виза иштери боюнча кеңсесинин Директору Б.Макнерни менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы визалык карым катнашты жакшыртуу маселеси талкууланды.

Элчи Б.Аманбаев сүйлөшүүнүн жүрүшүндө АКШнын жогорку бийлик өкүлдөрү менен буга чейин талкууланып келген кыргыз аттуулдарына берилүүчү туристтик жана бизнес визанын мөөнөтүн 5- жылдан 10-жылга көтөрүүнү жана ушул визиларга төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн азайтуу маселесин кароону тездетип, аны оң жакка чечип берүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Б.Макнерни бул маселе АКШнын тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынанан талкууланып, каралып бүтүп калгандыгын, маселе кыргыз тараптын өтүнүчүнө ылайык оң чечилип жаткандыгын жана жакынкы күндөрү анын жыйынтыгын кыргыз тарапка расмий түрдө кабарлана тургандыгын маалымдады.

Ошондой эле Б.Аманбаев өз сөзүндө америкалык тараптан АКШнын окуу жайларына өткөн кыргыз жаштарына америкалык виза алуу маселесин жеңилдетүүнү жана АКШ аттулдарына атаандаш болбой турган тармактарга кыргыз жарандарын АКШда жумушка орноштуруу маселесине мыйзамдуу шарт түзүүнү өтүндү. Америкалык тарап Элчинин айткандарын туура экендигин белгилеп, бул маселени эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлде өтүүчү өкмөт аралык эки тараптуу консультацияларда кошумча талкуулоо зарылдыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Кыргызстандык жарандарга АКШ визасын 5-жылдан 10-жылга көтөрүү жана америкалык визага төлөнүүчү акчанын өлчөмүн төмөндөтүү маселеси Элчилик тарабынан көптөн бери көтөрүлүп келет. Бул маселе жылдын башында эки өлкөнүн ортосундагы өкмөт аралык консультацияда да талкууланган жана жыйынтыгында паритеттик негизинде ишке ашыруу тууралуу чечим кабыл алынган.

  • Кыргызстандык атуулдарга берилүүчү америкалык визанын мөөнөтү беш жылдан он жылга көтөрүлөт
  • Кыргызстандык атуулдарга берилүүчү америкалык визанын мөөнөтү беш жылдан он жылга көтөрүлөт

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK