Элчи Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчыcы Дональд Лу менен жолугушту

232

2024-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев менен АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата биргелишип иш алып баруунун пландарын такташты. Тагыраак айтканда, эки тараптуу иш сапарларды, иш-чараларды уюштуруу, визалык процедураларды жөнөкөйлөтүү, банк секторундагы кызматташтык жакшыртуу, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана башка маселелердин үстүнөн иш алып баруу тууралуу пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK